Урматтуу кыргызстандыктар!
Кыргыздын эзелтен келаткан тарыхында элибиз эчен кыйынчылыктарды көрүп, тагдырдын сыноолорунан өтүп, дүйнөгө таруудай чачылып кетпей, бириндеп сай-сайда жоголуп кетпей, муштум болуп түйүлүп, булчуң болуп чыңалып, оор мезгилдин азабын тартса да, туруштук берип, уюткулуу эл болуп, түпкүлүктүү журт болуп, урааны бийик улут катары ушул күндөргө жетип келди. Өзөктүү элдин өлкөсү, майтарылбас элдин мамлекети, колунда байрагы, жүрөгүндө эркиндиги бар! Аталарыбыз элибизди эчен ирет ажалдын колунан сууруп, боорондуу күндө боор тартып, кыргын күндө чыйралып, көк муз, ак кар ашуу ашып, үркүндөн аман калган. Алакандай элди алда кандай замандардан амандыкта алып чыгып, улагалуу журт кылды. Кыргыз кыйын кезде тизе бүгүп, өбөктөгөн эмес. Көмөкөйүнө коргошун куйса да акынынын үнү өчпөгөн. Эзелки эр Манастын эли, көкүрөгүндө арыстандын жалы, кыялында күлүктүн дүбүртү, жүрөгүндө кыргыздын деми согуп, духу жашап келген. Түбүң ким десе - кыргыз дейбиз, уюткулуу журтун ким десе -кыргыз дейбиз. Бабам – Манас, тирегим – Ала Тоо, жөлөгүм - элимдин духу дейбиз!
Бүгүн улуу элдин урпагын кара тумоо каптап, эл дүрбөлөңгө түшүп турат. Жерибизди, элибизди дарт аралап, мезгилдин дагы бир сыноосу бешенебизде турат. Азыр бир жагынан элди көйгөй салган дарт кыйнаса, бир жагынан каптап келген тумоо эмес, окшуткан оору эмес, ушу дарт менен акыр заман келчүдөй элди дүрбөлөңгө салгандар да көбөйдү. Качан кыргыз баласы турмуштун, тагдырдын азабына тизе бүгүп, башын ийип берчү эле? Качан кыргыз баласы желдей каптаган тумоого кол куушуруп, алсыздыкка алдырып, айгай түшүп калчу эле? Жоголуп барып бириккен, чачылып барып жыйылган, өзөндөн улуу сууга айланган көөнө кыргыздын урпактары не болуп баратабыз? Корккондун коңгуроосу эл дүрбөтөт, эрктүүнүн коңгуроосуу журт бириктирет. Машак терип ачарчылыкты жеңген, кыл чайнашып жүрүп азапты жеңген элдин урпагы биз ушунча мажирөө белек?! Кайда биздин дух, кайда биздин эрк? Айтмакчы элдин башына оор сыноо тушуп турганда саясаттын сазына баткан саясатчы сөрөйлөрдүн да элди ар жикке бөлүп, кыйын кезде кыйкым издеп, элдин көзүнө көрүнөм деген аракеттери эч кандай адамдык да, саясий да моралга жатпайт. Бүгүнкү кезеңден упай иштеп, көкүрөк урган саясатчылардын көздөгөнү болгону бийлик, анан көп болсо парламенттин значогу!
Акөрөк кыйын кезде каруусун казык, канын азык кылып, өмүрүн тобокелге салып, күн түн дебей жан үрөп, адамдыктын бийик үлгүсүн көрсөтүп, кара тумоого каршы турган дарыгерлерге, ак халатчан өмүр сакчыларына жалпыбыз таазим этебиз. Биз аларга дем берип, эмгегине миң ирет таазим этели! Өмүрүн канжыгага байлап коюп, бүгүн дарыгерлер жарандык каармандыктын үлгүсүн көрсөтүп жатат. Ушул кыйын учурда бири бирибизди, элди, бийликти сындап, чилдей чачылбай, биз деле колдон келген жардамды берели, көмөктөшөлү! Бири бирибизге күйүмдүү бололу! Бул элибиздин башына түшкөн апаат. Оорунун душманы кайдыгерлик. Кыйын учурда биригели, кыйын учурда бир муштум болуп түйүлөлү. Баарыбыз бирдикте гана бу апаатты жеңебиз! “Баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн” деген ураандын сыналчу мезгили келди, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаралы! Ошондо гана өзүбүздүн улуу муундардын татыктуу урпагы экенибизди далилдейбиз.
Дарттын дабасы дары эмес, анын башкы дабасы биздин колубузда, ар кимибиз өзүбүздү сактасак, жаныбыздагыны сактайбыз, жаныбыздагыны сактасак элди сактайбыз, элди сактасак улутту сактайбыз. Баардык жоопкерчилик менде, сенде, баарыбызда. Ушуну эч качан унутпайлы.
Урматтуу калайык!
Бүгүн жалпы элибизге “Дартты бирге жеңебиз!” деген демилге чакырык айтаар элем. Биздин дартка даба эң башкы дарыбыз - ыртымак, эрк, сабырдуулук, кайрымдуулук, айкөлдүк! Ата-бабаларыбыздын да эң кыйын кезендеги туусу ушул ыйык түшүнүктөр болгон.
Биригели, бир бололу, манжабыз муштумга, каруубуз күчкө айлансын. Биз – “Дартты бирге женебиз!”
Дарт дабасы - биримдик, уюшкандык, ынтымак!
Ар бир үйдө сак саламатчылык болсун!!!
Шайырбек Абдырахман, журналист