Аны куралдуу конвойлор күзөтүүдө. Ошондой эле оорукананын периметри милиция кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынган.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 29-июнда Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип жатканын айтып кайрылган. Буга байланыштуу коронавируска карата ПЧР-анализ алынган. Анализдин жыйынтыгы таза болуп чыккан. Ошол эле күнү дарыгерлер онлайн-консилиум өткөрүп, эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлган. Андан кийин А.Атамбаевди стационардык дарылоо үчүн ооруканага которуу чечими кабыл алынды.
УКМКнын маалыматы боюнча, акыркы жумада А.Атамбаев жактоочулары жана жакындары менен бир нече жолу жолугушкан.
Булак: Баракелде