Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн маалымат жыйында билдирди.

Муну менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 5296 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 76 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Ошону менен  айыккандардын жалпы саны 2370 адамды түздү.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 182 адам;

- Чүй облусунда 36 адам;

- Ош облусунда 1 адам;

- Ош шаарында 1 адам;

- Жалал-Абад облусунда 7 адам;

- Баткен облусунда 9 адам;

- Нарын облусунда 10 адам;

- Ысык-Көл облусунда 18 адам;

- Талас облусунда 15 адам.