Ленин райондук сотунда Кубанычбек Жумалиевдин "Чоң Казат" кыймылынын өкүлү Сыймык Жапакеевдин үстүнөн жазган арызынын негизинде кечээ, 29-июнда сот отуруму болду. Бирок процесске "чоңказатчылар" келбей коюшкан.
Жумалиевдин адвокаты Бактыбек Жумашевдин айтымында, аларга маалымкат жиберилип, сот процессинин качан өтөөрү тууралуу кабарланган.
"Эмнеге келбей коюшканы белгисиз. Биз жооптуу тарапсыз эле отурумду уланта берүүнү талап кылдык, бирок мыйзам буга жол берген жок. Мен сотко Сыймык Жапакеев тарабынан айтылган Жумалиевдин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирчү 20 фактыны келтирдим. Сот аны угуп, жыйынды 6-июлга жылдырды", - деди адвокат.
Эске салсак, Сыймык Жапыкеев соцтармактарга ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевдин байлыгы 2,5 миллиард доллар экенин жана аны мыйзамсыз жол менен тапканын айтып чыккан. Жарандык активист Мелис Аспеков менен чыккан телеталкууда Жумалиев Жапыкеевдин айткандарын жалганга чыгарып, анысына башкаларды да ынандыруу үчүн Куран кармаган. Андан ары Жапыкеевди сотко берип, моралдык чыгым катары 10 миллион сом сураган.