Кечээ, 29-июнда Бишкектин Эркинди гүлбагында жана Ала-Тоо аяндында #REакция3.0. тынчтык жүрүшү жана митинги өткөн.
"Тазалык" ишканасынын жумушчулары адаттагыдай ар бир митинг, пикеттен кийинкидей элестетип, аянтка таштанды топтоо үчүн келишип бирок ал жерден жерде жаткан бир кагазды да таба алышкан эмес. Митингчилер таштандыларын тазалашып кетишкен.
Бул үчүн Бишкек мэриясы шаардыктарга тазалыкка жоопкерчиликтүү мамиле жасаганына ыраазычылык билдирди.