Бишкекте үрөй учурган авто кырсыкка кабылган ырчы Асел Кадырбекова кома абалынан дале чыга элек. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков Фейсбук социалдык тармагындагы жеке баракчасында билдирди.

Муну менен бирге дарыгер Кадырбекованын абалында бир аз жылыштар бар экенин белгилеген.

— Асел өз алдынча дем ала баштады, - деп жазган Жумабеков. - Кан басымы турукташып калды. Бүгүнкү күнгө карата кичине жылыш бар, бирок, абалы оор бойдон калууда.

Жумабеков журналисттерден кийинки маалыматтарды ырчынын жакындарынан алууну өтүнгөн.

— Бизге күн сайын журналисттер телефон чалып, анын абалын сурашууда, - деген дарыгер. Бул биздин ишибизге жолтоо болууда. Чалуулар менен биздин тынчыбызды албоону суранабыз.

Эске салсак, ырчы Асел Кадырбекова 26-июнь күнү Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде авто кырсыкка кабылып, оор жаракаттар менен кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Булак: vesti.kg