Бишкектеги Ленин райондук милициясынын ыкчам кызматкери Бердибай Элакунов коронавирустан каза болду. Маалыматты шаардык милициянын басма сөз кызматы тастыктады.

37 жаштагы Элакунов Бердибай Билдебаевич 2010-жылдан бери ИИМде иштеп келген.

Бир жылдан бери Ленин РИИБнын Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери болуп иштеп жаткан.

Булак: reporter.kg