Бүгүн, 29-июнга карата эпидемиологиялык абал боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берип жатат.
- 1966-жылы туулган жаран (аял киши) Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 24-июнда оор абалда жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан. Ага коронавирус, эки тараптуу пневмония, дем алуунун жетишсиздиги деген диагноз коюлган. Ал дарыканаларга барганын да айткан. Ооруну каяктан жуктурганын так билбейт.
- 1953-жылы төрөлгөн бейтап (эркек киши) Ош шаарындагы ооруканага 26-июнда оор абалда түшкөн. Эки тараптуу пневмония болуп, дем алуу жетишсиздиги 3-4-даражага жеткен. Жүрөк оорусу да болгон. Бир нече күн үйүндө да жаткан. Сасык тумоо деп бейтапканага барып, анализинен коронавирус чыккандан кийин ооруканага кайрылган.
- 1959-жылы төрөлгөн бейтап (эркек киши) Кара-Суу районунан Оштогу ооруканага 25-июнда жеткирилген. Ошол учурда коронавирус, эки тараптуу пневмония деп, ортодон бийигирээк оор абалда түшкөн. Жүрөк оорусу да, өнөкөт оорулары бар болгон, аз кандуулук, ошол эле учурда ашказанында да жара болгон. Оорулардын баары козголуп, дарылоо процесси жыйынтык берген эмес.
Кыргызстанда коронавирус оорусу жуккандан кийин жалпы 50 адам көз жумду.
Булак: Баракелде