Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  онлайн маалымат жыйында билдирди.

Н.Үсөнбаевдин айтымында  Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 5017 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 52 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми, жалпы айыккандардын  саны 2294 адамды түздү.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 138 адам;

- Чүй облусунда 43 адам;

- Ош облусунда 6 адам;

- Ош шаарында 23 адам;

- Жалал-Абад облусунда 26 адам;

- Баткен облусунда 4 адам;

- Нарын облусунда 4 адам;

- Ысык-Көл облусунда 16 адам;

- Талас облусунда 9 адам.