Ал Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутаты Гүлшат Асылбаеваны «мокочо» деп атап, эл өкүлүн тез арада Кыргызстандан көчүп кетүүсүн талап кылды.
«Айым деп атагандан да коркуп атам ошол катынды. Бул кыргыз элинин душманы болуп атпайбы!.. Кыргыз элинин салтын, тилин, наркын билбеген катынды ошол жакка алып барып не кыласыңар?.. Мындай катындарды көргөндө жүрөк ооруп атат. Эмне үчүн бизди мына ушундай катындар башкарышы керек? Бизде сөз эркиндиги деген бар да. Кыргыз элине залака тийгизип жүрөт. Көчүп кетсин мындан көрө», – дейт ал.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алды. Ага 79 депутат “макул”, ону “каршы” деген добуш берди.
Ал эми аталган мыйзамдын Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмоновага карата социалдык тармактарда #мандаттытапшыр аттуу флешмоб орун алууда.
Булак: Элгезит