Президент Сооронбай Жээнбеков жакында сунушталган өлкөнүн маалымат каражаттарынын эркиндигин чектөөгө олуттуу кадам таштатчу  мыйзам долбоорун жокко чыгарышы керек. Мындай билдирүүнү журналисттерди коргоо Комитети жарыялады.

“Парламент “жалган” “такталбаган” деген өңүттөгү маалыматтарды чыгарган веб-сайттарды соттун өкүмүсүз жаап сала турган мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карады. Долбоор боюнча веб-сайттардын реалдуу ээлеринин аты-жөнү катталышы керек жана социалдык тармактардын колдонуучуларынын да каттоодон өтүшүн шарттайт.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору журналисттер үчүн түшүнүксүз атмосфераны пайда кылат жана цензуранын пайда болушуна жеткирет”, - дейт CPJ  программасынын Европа жана Борбордук Азия боюнча координатору Гүлноза Саид.

Комитет Сооронбай Жээнбеков эгер Кыргызстан Борбордук Азиядагы коңшуларынын кебетесин кийип, репрессияларга катышууну каалабаса анда бул мыйзам долбоорун жокко чыгарышы керек деп эсептейт.