Жогорку интеллект жашоодо жардам гана бербестен зыян да келтирет. Анын эң чоң кесепети – кайгы. Окумуштуулардын иликтөөсүндө акылдуу, интеллекти бийик адамдар көбүнчө өздөрүн жалгыз жана бактысыз сезишет.
Билгенинен билбегени көптүгүн түшүнүшөт
Тилекке каршы, баарынан аз билгендер өзүн өтө көп билгендей кабыл алышат. Адам кайсы бир тармакта канчалык квалификациялуу жана профессионалдуу болгон сайын, ошончолук үйрөнө турган көп нерселер бардыгына көзү жете баштайт. Бул кээде дем берсе, кээде чүнчүтөт.
Көп санааркашат
Дагы бир жагымсыз факт: интеллектин деңгээли бийик болгон сайын стрессти жеңүүгө мүмкүнчүлүк аз болот. Бул иликтөө аркылуу тастыкталган. Анын үстүнө акылдуу адамдар олуттуу максаттарга жетүүгө бар күчүн жумшап, социализацияны көңүл сыртында калтырышат. А досторсуз депрессияга кабылуу оңой.
Өздөрүнө көп талап коюшат
Дайыма мындан да жакшы нерсеге жете алаарын билип, ага умтулуу – кайсы бир убакта перфекционизмге айланаары ыктымал. Кайсы бир максаттын артынан тынымсыз кубалоо жашоого кубанууга тоскоол болот. А оң эмоциялардын жоктугу ден соолукту жабыркатат.
Тез жадашат
Долбоор, мамиле же кайсы бир адам мээ ишмердүүлүгүнө стимул бере албай калса, андан тез эле баш тартышат. Мындан улам көпчүлүгү мамиледе бактысыз келишет. Кызыгуу жаратып, мээнин ишмердүүлүгүн шарттаган бир нече долбоорлорго чарк урушуп, өздөрүн да, мээсин да чарчатышат.
Келесоо көрүнбөө үчүн жаңы ишти баштоодон коркушат
Эгер өзүңдү дайыма акылдуу сезе берсең кайсы бир убакта өзүңө да келесоо көрүнүүдөн коркуп баштайсың. Ошондуктан көп акылдуу адамдар нөлдөн баштала турган кайсы бир окууну окугандан качышат. Мисалы, ошондуктан акылдуулар өзүнө жакпаган иште жылдар бою жылбай иштей беришет.
Акылдууларды түшүнгөндөр аз
Баары эле адамдар аны түшүнүп, ошол турушунда кабыл алышканын каалайт. Бирок кээ бир учурда башкалар маселебиздин маңызын түшүнбөй калышы мүмкүн. Акылдуу адам маселесин өздөрү чече алышат, бирок мындан жеңилдик табышпайт.