Ырчы Роза Аманова сахналашы Айгүл Чаловага батир белек кылды. Ал Айгүл Чалованын чыгармачылыгын бааларын айтып, талантын элге тартуулап, мындан да өсүшү керектигин белгилеген.
Эске салсак, карантин учурунда ырчы Айгүл Чалова кичинекей баласы менен ижарага алган батиринин акысын төлөй албай калганын соцтармактагы баракчасына жазып чыккан. Ал үй ээси акчаны күтө тур дегенине көнбөй, чыгып кеткиле деп жатканын айтып, "Чыгарып салса кичинекей балам менен кайда барам?" - деп кейиген. Таң калыштуусу, соцтармактын колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү ырчыга жан тартуунун ордуна тескерисинче төө бастыга алышкан.
"Тойдон тапкан акчаларың кайда? Үй алып албай эмне кылып жүрөсүң?" - деген өңдүү негатив комментарийлер көп жазылган.
Роза Аманованын жолдошу Кубанычбек Жумалиевге акыркы учурда мыйзамсыз байыганы боюнча каралоолор жүрүп жатат. Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеген мурдагы аткаминердин бир нече фирмасы, нечендеген батирлери бардыгы, байлыктын түбүндө калганы айтылган. Жумалиев мындай маалыматтарды төгүнгө чыгарып, актыгын далилдөө максатында куран да кармаган.