Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев  онлайн маалымат жыйында билдирди.

Ошону менен Кыргызстанда коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 4204 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 50 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Муну менен айыккандардын  саны 2162 адамды түздү.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 105 адам;

- Чүй облусунда 61 адам;

- Ош облусунда 19 адам;

- Ош шаарында 47 адам;

- Жалал-Абад облусунда 12 адам;

- Талас облусунда 1 адам;

- Нарын облусунда 1 адам;

- Ысык-Көл облусунда 2 адам;

- Баткен облусунда 2 адам.