Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, айыпталуучулар О.Ч.Текебаев жана Д.Т.Чотоновдун жактоочуларынын келбегендигине байланыштуу соттук отурум 1-июль күнүнө саат 15:00гө жылдырылды.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, 2019-жылдын 21-августунда мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Ал эми камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновду сот залынан бошоткон.

Булак: Элгезит