Коронавирус пандемиясы дүйнөнү чуулганга салды. Башка маселелер артта калып, адамзаттын коопсуздугу биринчи орунга чыкты. Вирустун күчтүү толкунуна ири державалардын туруштук бере албай калышы 21-кылымда да өлүм коштогон жугуштуу дарт алдында адамзат алсыздык кылаарын көрсөттү.

Бишкекте өткөн тегерек столго медицина жаатынын эксперттери, академиктер, саясат талдоочулар жана коомдук, саясий ишмерлер катышып, пандемиянын келип чыгуу себептерин иликтөөгө аракеттеништи. Кеп өзөгү дүйнөдөгү бир канча мамлекеттерде ачылган америкалык биолабораторияларга келип такалды. Учурда Американын жашыруун биолабораториялары Молдовада, Украинада, Грузияда, Арменияда жана бизге жакын Казакстанда жайгашканы маалым. Бул объектилердин эмне менен алектенээрин эч ким билбейт, ал эми лаборатория жайгашкан өлкөлөрдүн бийлиги анын ички ишине кийлигишүүгө, ишмердүүлүгүн аныктоого укуксуз. Бул лабораториялар согуштук багытта экени жана вирус менен иштери айтылып келет. Катышуучуларды эмнеге Америка биолабораторияларын өз аймагында ачпай, башка өлкөлөрдө иштетип жатат деген суроо түйшөлдүрдү.

Айтымдарында, биологиялык эксперимент бир гана объект жайгашкан өлкөнүн эмес, ага жакын жайгашкан мамлекеттердин да коопсуздугуна сокку урат.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев пандемиянын алдында ядролук коркунуч дүйнө үчүн экинчи орунга түшкөнүн белгиледи. Учурда адамзаттын коопсуздугу башкы орунда турат.

“Кытайда башталган вирус табигыйбы, же жасалмабы белгисиз. Жасалма вирус деген божомол өтө жогору, анткени америкалык биолабораториялар дүйнө жүзүнө тарады. Биологиялык эксперименттер адамзаттын келечегине урулган соккуга айланышы мүмкүн. Дүйнөлүк коомчулук маселеге олуттуу карап, америкалык биолабораториялардын ишмердүүлүгүн ачыкка чыгарууну талап кылуусу зарыл”,- деди ал.

Айтымында эл аралык түзүмдөр – МАГАТЭ жана ОЗХО айрым мамлекеттер согуш вирусун ойлоп табуу боюнча алектенип жатат деген маалыматтар байма-бай чыгып жаткан шартта биологиялык эксперименттерди тыкыр көзөмөлгө алышы керек.

“Эгер нерсени өз аты менен атай турган болсок, бул - массалык кыргын салуучу курал”,- деп кошумчалады саясат талдоочу.

Ал эми “Кыргызстан Коммунисттер партиясынын” лидери Клара Ажибекова америкалык жашыруун лабораторияларга шектенүүнү ансайын күчөтүп койду. Ал мындай биолабораториялардын башкы максаты вирустар менен күрөшүү экенин белгилеп, бирок америкалык объектердин адистери коронавирус пандемиясына кош көңүл караганына таң калды. “Эмнеге океандын ары жагындагы эң бир күчтүү, билимдүү делген адистер өнөктөштөрүнө коронавирус менен күрөшүүгө жардам беришкен жок? Алардын вирусологдору ушунчалык даярдыксызбы? Эгер алардын милдетине вирус менен күрөшүү кирбесе, анда эмне менен алектенип жатышат?” – деп таң калуусун жашырбады.

Кыргызстан Жашылдар партиясынын өкүлү Эркин Саданбеков жарым жылда дүйнө вирус миллиондогон адамдарга жукканына күбө болгонуна басым жасады.

 “Биз адамзаттын башкы көйгөйүнө цивилизациянын биологиялык коопсуздугу айлангандыгына терең ынандык. Өзгөчө кырдаал чараларын, карантинди киргизүү өлкөнүн экономикасын ядролук бомбадан кем эмес жарат. Жарандык коомчулук бардык мамлекеттерге биологиялык, бактериологиялык, вирусологиялык жана башка изилдөөлөр системасын ачык-айкын көзөмөлгө алууга чакырык таштоосу керек”, - деди Саданбеков.

Ал белгилегендей, Башкы Ассамблеянын 1972-жылдын 10-апрелинде кол коюлган бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды өндүрүүгө, иштеп чыгууга жана запастарын толтурууга тыюу салган Конвенцияга Кыргыз Республикасы 2004-жылы кошулган. Демек, кыргыз коомчулугунун мындай чакырык жасоого толук кандуу укугу бар. “Биргелешкен көзөмөл гана бардык биологиялык изилдөө жүргүзгөн лабораторияларды жаңылыштык кетирүүдөн сактайт. Тилекке каршы мындай лабораториялар бүгүнкү күнү көптөгөн мамлекеттерде иштеп жатат”,- деп кошумчалады Кыргызстан Жашылдар партиясынын өкүлү.

Жыйынтыгында катышуучулар жумушчу топ түзүп, кыргыз бийлигине кайрылуу даярдоо чечимине токтолушту.

 

А. Рысбаева, “Майдан. kg” гезити, № 19 (454) 24.06.2020