Бардык жерде “Өкмөт коронавирустук инфекция менен ооруган адамдардын санын грант жана насыя алуу үчүн атайын көбөйтүп айтып жатат”- дешүүдө. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кайсы жерде оорулуулардын саны көп болсо ошол жакка акча берет экен.
Дагы грипп же башка оору менен ооругандарга да “коронавирус менен ооруду” деп жазып коелу деп акча сунуштап жатышыптыр деп да айтып жатышат.
Дагы “бизге чип тагууга аракеттенип жатышыптыр да” дешет. Көп нерсе айтылып жатат. Эң коркунучтуусу, күн өткөн сайын мындай сөздөргө көбүрөөк адамдар ишенип башташты. Өкмөт ушул сыяктуу имиштерди алдын албаса болбой калды.
Соцтармактарда имиштер таңгактаңгагы менен жайылууда. Жада калса олуттуу адамдар да болбогон кепти айтып калышты. Мындай имиштер адамдарды чоочутат жана мындай имиштер менен элди көчөгө чыгууга чакырык ташталып жатат.
Мага коронавирус үчүн акча төлөп жатышканы боюнча далил таап беребиз деп миң жолу убада беришти, күтүп эле келатам, бирок адамдар ошону менен далил таба алышкан жок. Анан да ойдон чыгарылган болсо да чипти көргөн бирөө-жарым барбы? Аны кайда катышат экен, кантип бекитишет экен? Айрым жарандарыбыз айтып жаткандай “шприц аркылуу” дей көрбөгүлө болгону. Гранттар жана насыялар жыртыктарды убактылуу жамоого алынып жатат, анткени салык жана бажы төлөмдөрү кескин ылдыйлабадыбы.
Бизде мугалимдердин, дарыгерлердин, социалдык жумушулардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, маданият, спорт ж.б. тармактардын өкүлдөрүнүн чоң армиясы бар, 680 миңге жакын пенсионерлер жана 300 миңдей жөлөкпул алуучулар да бар. Бизге ар кандай товарларды сатып алууга, кызмат көрсөтүүгө туура келет – мына каражаттар кайда кетип жатат. Бир минусу – Каржы министрлиги грант жана насыяларды иштетүү боюнча тыйынына чейин эсептелген ачык жана түшүнүктүү отчет бере албай жатат. Өкмөт калк менен тез-тез сүйлөшүү жүргүзүп, интернетти чектөөнү каалаган келесоо мыйзамдарды колдоонун ордуна имиштерди тамырынан кыркуусу керек.
“Майдан. kg” гезити, № 19 (454) 24.06.2020