Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Сооронбай Жээнбековдун тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Президент өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин алыстатылган тартипте жүргүзөт.
Ошону менен бирге президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды.
«Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринин илдети белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүндөн тарта үйдө дарыланышат», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Анткен менен бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев кечээ Москва шаарынан келген кыргызстандык делегациянын ичинен коронавирус аныкталган эки адам Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасына жаткырылганын айткан:
“Диагнозу тастыкталган экөө Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калгандарын обсервацияга алдык. Оорунун инкубациялык мөөнөтү 14 күн. Делегациянын мүчөлөрү үч күн обочолонууда болот. Клиникалык белгилерине карап, кайра анализ тапшырат. Таза болсо, жумушка чыгат”.
Булак: Элгезит