Журналист Назгүл Калмамбетова Фейсбуктагы баракчасына табышмактуу пост жазды:
"Фейсбукта дайыма коронавирус жок, бул жалган, бийликтин саясаты деп жазып келген белгилүү адам коронавирус болуп калыптыр. Эми үйүндө катуу температура болуп, ооруп жаткан экен. Дарыгерлерге менин ооруп атканымды эч кимге айтпагыла деп какшанып атыптыр. Аты жөнүн билдим ким экенин. Ал дайыма тескери суйлөйт, вирус жок дейт, бул жалган дейт, өзү белгилүу эле адам. Эми врачтарга мени айтсанар соттошом деп коркутуптур. Атын атабай эле коеюн, жок дегенде оору бар экенине эми ишенсе болду. Айыгып кетсин, эч ким оорубасынчы! Ал адам айыккандан кийин элге туура кеңеш берип калаар деген үмүтүм бар. Бул ооруну душманга да каалабайм.... Сак бололу..."