Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн маалымат жыйында билдирди.
Ошону менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 3954 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 30 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Муну менен айыккандардын саны 2112 адамды түздү.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 113 адам;
- Чүй облусунда 24 адам;
- Ош облусунда 31 адам;
- Ош шаарында 32 адам;
- Жалал-Абад облусунда 10 адам;
- Талас облусунда 3 адам;
- Нарын облусунда 1 адам;
- Ысык-Көл облусунда 12 адам;
- Баткен облусунда 2 адам.