Биринчи май райондук сотунда 22-июнда парламент депутаты Асел Кодуранова, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевге, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, атайын кызматтын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевге жана кеңешчиси Кундуз Жолдубаевга бир нече берене боюнча айып тагылды.

Алар бийликти күч менен басып алуу, барымтага алууну, массалык баш-аламандыктарды уюштуруу сыяктуу оор беренелер менен айыпталып жатышат. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады. Иш убактысы аяктаганына байланыштуу, кийинки соттук териштирүү 29-июнга белгиленди. Буга чейин өзүнө коюлган айыптоону Кундуз Жолдубаева “абсурд” деп атаган.

Ал эми Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын басма сөз кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин билдирүүсүн тараткан. Анда Сагымбаев өзүнө 11 берене менен айып коюлуп жатканын айткан. Бийлик “тергөө менен кызматташууга барсаң, эркиндикке чыгасың” деп сунуштап жатканын, бирок Атамбаевди сатпай турганын билдирген. Парламенттин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев да Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын басма сөз кызматы аркылуу билдирүү таратты.

“Ал окуя, менин жарадар болгонумдун баары Интернет булактарында айдан ачык эле турат. Мен жабырлануучу болушум керек эле, бирок силер мени айыпталуучу кылып салдыңар. Мындай окуя бир эле Кыргызстанда болсо керек. Мага Кыргызстандагы болгон бардык беренелерди коюпсуңар”,- деген Мискенбаев Атамбаевди сатпаганы үчүн абакта отурганын айткан.

Бул билдирүүлөргө укук коргоо органдары, президенттик аппарат комментарий бере элек. Прокурорлор айыптоо актысы менен тааныштырууну 15-июндагы сот отурумунда баштаган. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган. Тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелүүдө

 

“Майдан. kg” гезити, №19 (454) 24.06.2020-жыл