Депутаттык мандатка көз арткан саясатчылар, партиялар дүргүп, биригип-кошулуп, аттарын өзгөртүп кубулуп баштаган кез.

Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков ж.б. жаштарды топтоп, тагыраагы бетке кармап, уюшмага “Жаңы дем” деген ат коюп, шайлоого аттанып жатат.

Буга чейин Гүлзат Мамытбек Кыргызстандын “деми” болуп келсе, эми мындан ары, ушул “Жаңы дем” менен кетет окшойбуз.

 “Жаңы дем” менен алга кеталабызбы, же кете албайбызбы (?) дегенде эле, “ой булардан Момбеков эле Гүлзатчасынан сайрамыш этпесе калганы бучкакка теңеле албайт. Андан көрө Гүлзат Мамытбектин өзүн кошуп алышса болмок. Ошондо эски дем, жаңы дем аралашып бирденке чыкмак,”- деген пикирлер басымдуу... “Уюшма жетекчилиги Гүлзат Мамытбекти чакырыптыр” – дегенди да кулагыбыз чалды эле.

Ал аңгыча Гүлзат Мамытбекке укук коргоо органдары тарабынан издөө салынганы жарыяланды. “Акчабызды алып алып, бербей жатыр”- деп арыз жазып, доомат арткандар бар экен. Бирак бул жагдай, “Гүлзатты кошуп алабыз” дегендерди токтото алабы?

“Текебаевге деле Маевский док арткан, Гүлзатка док арткандар болсо, керек болсо бул окшоштук, наборот пайдалуу, бул пиар”- дешип аткандардыкы үстөмдүк кылып, Гүлзат Мамытбек “Жаңы демге” кошулуп атамекенчилердин желегин желбиретип шайлоого аттанабы?

 "Майдан. kg" гезити, №19 (454) 24.06.2020-жыл