Бүгүн Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши каралып жатат. Процессте прокурор Ибраимовду айыптуу деп таап, 20 жылга эркинен ажыратууну сунуштады. Ал эми Кулматовду 15 жылга соттоону суранып, аны менен катар 2 жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратууну айтты.
Эске салсак, эки мурдагы мэр коррупция беренеси боюнча айыпталып жатышат.