Экс-депутат Исхак Масалиев Атамбаевдин 11,2 жылга кесилиши тууралуу пикирин билдирип жатып, соттолуучунун үй-мүлкүн конфискациялоодо түшүнүксүз жагдай жаралаарын белгиледи.
“Үй-мүлктү конфискация кылууда бир гана соттолуучунун эмес, анын үй-бүлөсүнүн оокатын тартып алуу суроо жататат. Анткени анын үй-бүлөсү кылмышкер эмес да. Мындай жаңылык Атамбаевдин убагында, анын демилгеси менен ошол учурдагы башпрокурор Аида Салянова аркылуу киргизилген. Анда Башкы прокуратура мындай чечимдин мыйзамдуулугун иликтеши керек эле, бирок ал кырдаалды коргоого алган. Бул жерде ЖАМКнын жетекчилигине да суроолор көп”, - деди Исхак Масалиев.