Алмазбек Атамбаевди 11,2 жылга эркинен ажыраткан сот процесси жабык режимде өткөнүнө коомчулукта көп суроо жаралууда. Мындай пикирин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

Айтымында бул жабык режимде өтө турган иштин категориясына кирбейт.

“Эгер Кой-Таш боюнча ишти кароону жабык кылышса түшүнөт элем, анда жашыра турчу жагдайлар бар. Процесстин ылдамдашы жана жабык өтүшү саясий себептердин бардыгынан кабар берет. Жоопкерчиликке тергөө менен кызматташууга баруудан баш тарткандар тартылышты. Айыпталуучулар көп болчу, бирок көбү кызматташууга барышып, анысынын акысына аз мөөнөт алышты, анткени сотто өз көз караштарын айтуудан чоочулашты”, - дейт Клара Сооронкулова.