“Учурда коронавирустун симптомдору менен кайрылгандар көп болуп жатат. Бул маселени чечүү үчүн, Саламаттык сактоо министрлиги атайын алгоритм иштеп чыкты. Алгоритмде эгерде оорунун белгилери билинбесе, температурасы 38°С ашпаса, ал бейтап амбулатордук үй шартында кандай дарылануу керектиги жазылган. Бул бейтаптар стационарга жаткырылбайт”, - деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде.
Каратаев ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы организмде коронавирустун жоктугун толук кандуу кепилдендирбей турганын белгиледи:
“Оору жуккандан кийин алгачкы беш күндө организм инфекция менен күрөшөт, бул учурда анализ терс жыйынтык көрсөтүшү мүмкүн. Андан кийин 12-14-күндөрдө анализ оң болуп чыккан учурлар кездешүүдө. Эгер клиникалык белгилер болсо, бирок ПЦР-тест терс көрсөтүп жатса да өзүн этияттап, режимди кармануу керек. Иммунитетти болушунча көтөрүү зарыл”, - деди орун басар.