Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов жакында кыздуу болот. Бул тууралуу анын жубайы Сабира соцтармактагы баракчасына жарыялады.
“Жакында кызыбыз төрөлөт. Жарым жылдан бери кандай ысым ыйгараарыбызды билбей келебиз. Өзүңүздөргө жаккан ысымдарды жазыңыздарчы. Эгер сиз сунуштаган ысым бизге жакса балабызбы ошондой атайбыз. А үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдирип, берчү белегибиз да бар”, - деп жазды Чыңгыз Айтматовдун келини.