Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн маалымат жыйында билдирди.

Ошону менен Кыргызстанда коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 3726 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 28 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Муну менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 2082 адамды түздү.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 92 адам;

- Чүй облусунда 35 адам;

- Ош облусунда 28 адам;

- Ош шаарында 43 адам;

- Жалал-Абад облусунда 1 адам;

- Талас облусунда 1 адам;

- Нарын облусунда 5 адам;

- Ысык-Көл облусунда 2 адам.