Жакында интернетте коомчулуктун нааразычылыгын жараткан видео пайда болгон. Анда эркек киши аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, үстүнө жаба суу куюп урган. Анысына кубанган өңдүү камера кармап турган адамга: "Тарткын", - деп буйрук берген. Кийинчерээк, окуянын чоо-жайы иликтенип, бул Ош аймагында болгону жана эркек аялы кайсы бир отуруштан үйүнө бир аз кечигип келгени үчүн ушундай жазалагандыгы айтылган. Күйөөгө кылмыш иши козголгон. Бирок алардын жалгыз баласы атасы тарапта болуп, аял да көп өтпөй күйөөсүнүн үстүнөн жазылган арызын кайрып алган. Аялдын бир тууган эжеси Динара Мырзахмедова соцтармакка окуя боюна пикирин жазды:

(Пикирин өзгөртпөй бердик)

"Саламатсыздарбы, урматтуу кыргыз элим!

Мен, күйөөсүнөн мойнуна донголок асылып, жазаланган Мырзахмедова Дильрабонун эжеси боломун. Сиздерге кайрылып жатканымдын себеби социалдык тармактарда биздин уй-було жана бир туугандарым жонундо туура эмес маалыматтар айтылып жатат. Ошондуктан сиздерге туура маалыматты жеткирууну эп кордум.

НТС каналынан ушул темада ток шоу болуптур. Анда экс депутат Кадыралиева Ыргал айым, бул келин кичинесинен ушундай запкы коруп келген. Атасынан, агаларынан ушундайды корсо керек деди. О.э.дагы бир соц.тармакта бардыгына эжеси куноолуу экен. Уч кун уйундо алып олтуруп куйоо баласына колундан эмне келет? дептир. Анан жини келип уруптур деп айтылган. Куда тараптар суйлошуп, элдешип алыптыр. Биз синдибизге, карындашыбызга кийлигишпейбиз, озу билсин деген жалган маалыматтар тараптыр. "Кулак укса курсак кайнат" дегендей мен бул жалган маалыматтарды угуп аябай кыжырдандым. Биз тарбиялуу уй булоонун балдарыбыз. Атам, апам бизди ыймандуу жана кичи пейилдуу кылып тарбиялашкан. Кочого чыгып жагжандап урушкан адамдардан эмеспиз. Атам Бек- Абад аймактык ооруканасында 40 жыл фельдшер, санэпидемиолог болуп иштеген. Айылда аксакалдар сотунун торагасы болгон. Апам уй кожейкеси болгон. Айылда жана ооруканада ата-энемдин авторитети жогору болгон. Бул жонундо бут айылдан, кошуналардан, тааныштардан сурап билсе болот.

Биз тогуз бир тууганбыз. Уч синдим, бир иним Россия жергесинде иштеп журушот. Биз да синдибиздин бул акыбалына ото кейип, ичибиз ачышып жатат. Бирок биз мыйзам чегинде жазасын алат деп окмотко ишенип отурабыз. Эгер урушчаак, жаман адамдар болгонубузда алар менен тытышып жатып калмакпыз. Биз андай жолго барган жокпуз. Кудай алдында да мыйзам алдында да жазасын алсын. Синдим Дильрабо медиц.окуу жайын бутуп, Бек - Абадда ооруканада иштеп жургон. Кийин турмуш шартка байланыштуу иштебей калды. Синдимдин мунозу оор басырыктуу жана сабырдуу. Эл эмне дейт? деген кыргыз элинин менталитетине баш ийуу менен жашап келди. Бизге уй булоосу жонундо эч нерсе айтпайт болчу. Биз билбейт элек. "Эл эмне дейттин" кесепети ушул болду. Биз бир туугандары куйоо балабыздын жазаланышын каалайбыз".