Бүгүн Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевди 11,2 жылга эркинен ажыратты. Аны менен катар мамлекеттик сыйлыктарынан, наамдарынан ажыратты. Ошол эле учурда жубайы Раиса Атамбаева президент Сооронбай Жээнбековго нааразычылыгын жарыялады. Бирок күйөөсүнүн камалып кеткенине экен десеңиз жаңылышасыз. Ал көбүнесе туулган күнүндө президенттин куттуктоосун ала албай калганына кейиген. Мурдагы канайымдын билдирүүсүн Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев соцтармактагы баракчасына жарыялады. 

"Таң атпай жүздөгөн адамдар туулган күнүм менен куттукташты, арасында чет өлкөлөрдүн лидерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү бар. Алардын алдында биз 30 жыл бою жакшылык кылып, бир тууганыбыздай кабыл алган Сооронбай Жээнбеков үчүн ыңгайсыздандым. 

Жакшылыгыбызга ыраазычылык катары буга чейин Сооронбай Жээнбеков дайыма биринчилерден болуп телефон чалып туулган күнүм менен куттуктачу, а бүгүн так ушул күнү күйөөмө өкүм чыгарууга сотторду аргасыз кылды.

Сооронбай Шарипович, биздин мурдагы досубуз, мен сизди дагы бир жолу көрүп, көзүңүздү карап, ушундай "белегиңизге" рахмат айткым келет", - деп жазган Раиса Атамбаева. 

Айрым маалымат каражаттары мурдагы канайымдын туулган күнү 25-июнь деп жазышууда.