Чындык, өз убагында айтылышы керек...


Бүгүн, 23 июнь 2020 жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кримтөбөл А. Батукаевтин иши боюнча чечим кабыл алды. Башкаларын билбейм, бирок Индира Жолдубаева күнөөлүү деп табылганына макул эмесмин. Анткени, КР ЖКнин V-чакырылышы ушул маселени караганда ошондогу республикабыздын башкы поокурору Аида Салянова Батукаевтин "адвокаты" болгонун депутаттар эле эмес, бүт жумурай журт күбө болгонсуңар. Азыр болсо Аида Салянова күнөөлүү эмес экен, себеби Салянова тергөө менен "кызматташууга" барган. "Кызматташуу"-деген терминди мен " саткынчылык"- деп түшүнөм... Чыныгы күнөөлүүлөр Алмазбек  Атамбаевди сатышты, вице - премьеринен баштап, прокурору, соту ж.б.  Жалгыз Индира  Жолдубаева эч кимди саткан жок, кыргыздын кызы болсоң ушундай бол... Индира Ырысбаевна, сиз менен эртеби, кечби элиңиз сыймыктанаарына ишенем. Эң жогорку Сот -  бул абийир... Сиз абийириңиздин алдында тазасыз, андан өткөн эрктүүлүк болбойт... Ак ийилет, бирок сынбайт...

 

Жылдыз Жолдошова, экс-депутат