Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Хакимов Сатыбалды Адинаевич шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
Буга чейин ал Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автомобиль транспорттук ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
Башкы инженер Эрик Эшимбеков убактылуу «Бишкекгорлифт» ишканасынын директорунун милдетин аткарып жатат. Ишкананын башчысы Тилек Жээмбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Булак: Баракелде