Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, бейтап 1964-жылы туулган аял киши болгон. Коронавирусту жуктуруп, башка өнөкөт оорулары күчөп кетип каза болгондордун саны 41 кишини түздү. Кыргызстанда 23-июнга карата дагы 163 кишиден коронавирус аныкталды. Вирус жуктургандардын жалпы саны 3519га жетти.

Булак: Маралфм