Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн маалымат жыйында билдирди.
Каратаевдин айтымында Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 3519 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 33 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.
Жаңы катталган учур:
- Бишкек шаарында 94 адам;
- Чүй облусунда 22 адам;
- Ош облусунда 9 адам;
- Ош шаарында 16 адам;
- Жалал-Абад облусунда 13 адам;
- Талас облусунда 1 адам;
- Нарын облусунда 7 адам;
- Баткен облусунда 1 адам.