Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун дүйнө өлкөлөрүндөгү абалы кандай экени боюнча маалыматын жарыялады. Атайын таблицада өлгөндөрдүн саны 1 миллион адамга канчадан туура келери да көрсөтүлгөн. Кудайга шүгүр дейли. Салыштырмалуу алганда, абалыбыз дурус. Экономикасы укмуштуудай болгон АКШда 1 млн. адамга 369 өлүм туура келсе, Россияда - 56, Италияда – 376, Францияда – 454, Түркияда – 59, Молдовада – 118, Кыргызстанда 6 адамды түзөт. Чындап келгенде абалыбыз кыйла оор болушу толук мүмкүн болчу. Бирок бийликтин убагында ыкчам чараларды көрүп, карантиндик режим, өзгөчө абал киргизгендиги илдетти алдын алганын акыйкаттык үчүн айтып коелу.

Өкүнүчтүүсү, акыркы убактарда элдин бир бөлүгүнүн карантиндик талаптарды аткарбай, илдетти тоотпой жаткандыктарынан улам илдетти жуктургандардын саны күн санап көбөйүүдө. Мындай темп менен таблицадагы абал жаман жагына бат эле өзгөрүп кетиши ыктымал. Андыктан, коомдогу «вирус жок…» деген сыяктуу сөздөргө азгырылбай ар бирибиз өзүбүзгө, жакындарыбызга сак болуп, карантиндик талаптарды бекем аткарсак. Ансыз абалыбыз оорлошуп, алапайыбызды таппай калбайлы! Коронавирус менен ойношпойлу, туугандар!

 

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист