Бул тууралуу шаардык мэрия Твиттердеги баракчасына жазды.

«Ош» базарындагы «Беш-Сары» соода борбору дезинфекциялык өткөрмө орнотту. Бул базарларда кечкисин пландык тазалоо иштери жүргүзүлүп турат.

Маалыматтарга караганда, борбордогу бардык базарлар дезинфекция үчүн жабылып турат.

Бишкекте 22-июнга карата коронавирус жуктургандардын саны 1048ге жетти. Бул башка аймактарга салыштырмалуу жогорку көрсөткүч. Өлкө боюнча вирус менен катталгандардын саны 3356га жетти.

Булак: Маралфм