Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымында, өткөн сутка ичинде убактылуу пайдаланууга берилген Кыргыз-Түрк ооруканасынан 1952-жылы төрөлгөн аял киши, Талас аймактык ооруканасынан 1952-жылы туулган эркек киши жана Ноокен аймактык ооруканасынан 1960-жылы туулган аял киши көз жумду.
Муну менен өлкөдө коронавирус оорусу жуккандан кийин каза болгондордун саны 40 адамга жетти.
Булак: Баракелде