Премьер-министр Кубатбек Боронов 118 кол-центрге кайрылгандарга операторлор тийиштүү маалыматты ылдам берүүсү керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал коронавирус менен күрөшүү Республикалык штабынын кезексиз жыйынында билдирди.
Ал операторлордун санын көбөйтүү керектигин жана өзү жана жакындары үчүн кооптонуп жаткан жарандар тийиштүү маалыматты ылдам алууну каалай турганын белгиледи. Ошондой эле ал тез жардам унааларынын санын көбөйтүү зарылдыгын айтты.
“Соцтармактарда бул же тигил ооруканада оорулууларды кабыл албай жатышат деген маалыматтар пайда болууда. Бул жалгыз көрүнүш эмес. Мындан да жаман кырдаалга даяр болушубуз керек, мындай абалда орун маселеге айланаары бышык. Медициналык жардамдын ишин координациялоо керек. Ар бир дарыгер оорулууга баратып андан коронавирус илдетинин белгилери табылса кайсы ооруканага жеткирээрин билиши керек”, - деди ал.