Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн маалымат жыйында билдирди.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 3356 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 10 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.
Ошону менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 2021 адамды түздү.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 82 адам;
- Чүй облусунда 33 адам;
- Ош облусунда 20адам;
- Ош шаарында 25 адам;
- Жалал-Абад облусунда 8 адам;
- Баткен облусунда 12 адам;
- Талас облусунда 19 адам;
- Нарын облусунда 6 адам;
- Ысык-Көл облусунда 10 адам.