Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков менен вице-спикерлер Аида Касымалиева менен Мирлан Бакировдун коронавируска тапшырган ПЦР- тесты таза чыкты. Бул тууралуу ЖК аппаратынын башчысы Алмазбек Сабырбеков билдирди.

Маалыматка караганда, депутаттык корпустун башка мүчөлөрү да милдеттүү түрдө тест тапшырышат. Ошондо эки күндүн ичинде депутаттардын баары текшерилет. Азырынча коронавирус эч кимисинен табылган жок.

“ЖК аппараты менен басма сөз кызматынын кызматкерлери да текшерүүдөн өтүп жатышат. Алардын баары алгоритмге ылайык үйдөн иштөөгө жиберилген. Депутаттардын жардамчылары да текшеришет”, - деген ал журналисттер парламенттик жыйындарга киргизилбей турганын кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу коронавируска чалдыкканы белгилүү болгон. Ага удаа “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Бейшеналы Нурдинов да ооруп калган.