“Ата Мекен” фракциясынын лидери Айсулуу Мамашова Бишкек, Ош шаарларына жана Чүй облусуна кайрадан өзгөчө абалдын киргизилишине каршы чыкты. Белгилей кетсек, өкмөт коронавирус кырдаалына байланыштуу өзгөчө абал киргизүү маселесин каңкуулаган.

“Илдетти жуктуруп алгандардын көбөйүшү чынында тынчсыздандырат. Эгер ушундай кырдаал бир жума бою сакталса анда чектөөлөрдү киргизүү зарыл. Бирок экономикалык ишмердүүлүктү толугу менен токтотуу туура эмес. Экинчи жолу токтотууну экономика көтөрө албайт”, - деди ал.

Ошондой эле ал парламенттик шайлоого даярдык башталчу убакытка да аз эле калганын кошумчалады.