Анын бир тууганы, парламенттин депутаты Садык Шер “Фейсбуктагы” баракчасына “Баатырыбыз да, асылыбыз да Бокемден айрылып калдык… Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11де өтөт” деп жазды.

Болот Шер 1959-жылы 1-майда Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айылында туулган.

2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, төраганын орун басары болгон. 2010-жылы Убактылуу өкмөттө ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп иштеген.

“Көк бөрү” федерациясын түптөөчүлөрдүн бири, 2001-жылдан тартып бир нече жыл бою аталган федерациянын баш катчысы болуп турган.

Elgezit.kg редакциясынын жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Булак: Elgezit.kg