Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Темир жол ооруканасынан 1969-жылы төрөлгөн эркек адам менен Токмок аймактык ооруканасынан 1974-жылы туулган аял киши көз жумду. Муну менен өлкөдө каза болгондордун саны 37 адамга жетти.
«1969-жылы туулган жаран темир жол ооруканасына кайрылган. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында COVID-19 вирусу диагнозу коюлуп, оорусу оор түрдө өтүп жатканы аныкталды. 2 тараптуу пневмония, курч мүнөздөгү дем алуу жетишсиздиги болгон. Ал 10 күн өз алдынча дарыланып, дары-дармектерди ичкен. Абалы жакшырбай, оорлогондо ооруканага кайрылган. Анын айтымында, чет жакка, башка региондорго жана массалык иш-чараларга барган эмес. Болгону үй шартында көпкө дарыланган. Тиешелүү дарылоо ыкмалары колдонулду, бирок бул эффект бербей, бейтап каза болуп калды», - деди ал.
Акыркы суткада көз жумган экинчи бейтап – 46 жаштагы аял киши.
«1974-жылы туулган аял киши Ысык-Ата районунан экен. Ал дагы ооруканага оор акыбалда келип түшкөн. Өпкөсүнөн кургак учугу бар, мындан тышкары кант диабети менен жашаган жеринде диспансердик каттоодо да турган экен. Акыбалы оор болуп келген. Ошол учурда ПЧР-анализдин жыйынтыгы менен коронавирус диагнозу коюлган», - деди Нурболот Үсөнбаев.
Булак: Баракелде