Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.
Н.Үсөнбаевдин айтымына караганда Кыргызстанда коронавируска чалдыкандардын жалпы саны 3151 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 30 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.
Жаңы катталган учурлар:
Бишкек шаарында – 56;
Чүй облусунда - 43;
Ош шаарында - 14;
Ош облусунда - 22;
Баткен облусунда - 1;
Жалал-Абад облусунда - 19;
Ысык-Көл облусунда - 15 адам.