Күн ак сарайга да, кепеге да текши тийет.
Уильям Шекспир

Саясаттын да ɵзүнүн нугу, философиясы, бет алган багыты, кɵздɵгɵн максаты болот. Дарыянын нугун кайсы жакка бурсаң ошол жакка күргүштɵп аккандай саясаттын да бет алдырган тарапка жүрүп бермеги бар. Эң эле башкысы бет алган багыт туура болуп, үзүрүн берип, мамлекетти, элди ыраазы кылып,  келечекке айкын жол кɵрсɵтүп жакшылыгын арттырып турса болгону.  Мамлекетибиздин жер шарында ɵз ордун бекемдеп, бүтүндүгү менен эгемендүүлүгүн чыңдап, дүйнɵ  мамлекеттери менен ар кандай маселелерди чечүүдɵ тең тайлаш мамиле күтүп турганы ушундан болот.

- Биз түркүн кен байлыктардын, сымап менен  нефтинин, күмүш менен   алтындын, кварцит менен кремнийдин ж.б. ( Дмитрий Менделеевдин мезгилдик системасындагы элементтердин  бардыгы бар, балким андан да ашар) үстүндɵ жашап турабыз. Кудай биздин  ырыскыбызга  берип  коюптур. Ушундай байлыктардын ээси болуп туруп, ошондой артыкчылыктарыбызды толук пайдалана албай кɵрүнгɵн чет элдиктерге  жем кылып кайсалактап турганыбызды карабайсыңбы. Сырткы карыздарыбыз аябай кɵбɵйүп кетти. Биз карыз албай, башка ɵлкɵлɵргɵ  карыз бере турган  мамлекет болсок жарашат эле, ага  толук мүмкүнчүлүктɵрүбүз бар эле,-деп бир курдай ак сакалчан карыянын оор күрсүнгɵнүн  эстедим.
… Байыркы ата-бабаларыбыз Ата Журтунун  укум жерин душманга алдырбай, кыз-келиндерин  тɵргɵ ɵткɵрүп  кор кылбай күтүп,  намыс үчүн кыл чайнап кɵзүн кызартып кол  салып кирип келген душмандар   менен  жан аянбай кырчылдашып кармашып, улуттун сыймыгын  коргоп келишкен. А бизчи?!...
Бул жерде тунгуч ажобуз Аскар Акаевдин: «Кыргызстан- жалпыбыздын үйүбүз»,- деп жол ачып койгону аргасыздан  эске түшɵт экен жанды  ачытып. Мамлекет деген ар кайсы мамлекеттен келгендер отурукташып алып  ѳз билгенин кылып чардай бере турган ээн жайкын жаткан жер эмес, мындай обу жок  жоруктарга  кеч болуп  кала электе чектѳѳ коюу керек.  Мамлекет деген  ѳз элинин укугун, келечегин коргоп, ѳсүп ѳнүгүүсүн шарттап, урпактарынын бакыбат доордо  бейгам ѳмүр сүрүүсүнѳ ѳбѳлгѳ түзүп, андан ары кетер бийиктиктерин аныктап кѳрсѳтүп туруучу кол тийгис ыйык түзүлүш, эл-журтун канат астында калкалап туруучу кудуреттүү күчтүн ээси, таянар тоосу, бекем калканычы болушу керек. Ар кандай жагдайлар менен сырттан келгендер мамлекетибизге мыйзам чегиндеги жол- жоболор менен келип кетиши керек.  Чийинден чыгып кетпегендей чектѳѳ болушу шарт.  Кыргыз эли  ѳз үйүнѳ ѳзү кожоюн болушу керек. Ага ылайык  мезгил түпкүрүнѳн, кылымдар сынагынан чыпкаланып ѳтүп келген макалын да эл жакшы билет. Мамлекетибиздин дѳѳлѳттѳрүн   бийик кѳтѳрүп, кѳкѳлѳтүп турушубуз абзел. 
Ар бир адам Ɵз үйүнүн эшигин меймандарыңа кенен ачып тѳрүнѳ ѳткѳрѳ берсе болот.  Ал эми мамлекеттикине  тийишпе, анын ээси   кыргыз эли, кыргызстандыктар, мунун  ɵзүнүн жол-жобосу жана  кол тийгис ыйык мыйзамы бар. Кɵрүнгɵн эле  чет элдик  каалаганындай кирип чыгып ɵз билгенин кылып, тайралаңдай берсе мамлекетибиз эмне болуп кетет. Алар биздин ɵлкɵнүн мыйзамын, салт-санаасын  сыйласын, ошого жетишүүбүз зарыл. Буга мамлекеттик ɵзгɵчɵ  тыкыр  кɵзɵмɵл киргизип, катуу талап коюу  башкы милдет болуп турат. Кыргыз жери ири  алды  кыргыз элине, кыргыз мамлекетине гана  таандык экенин  унутпашыбыз керек, ошону менен катар ошол ѳзгѳчѳлүгүбүздү сактоого башкаларды үйрѳтүшүбүз жана кѳндүрүшүбүз шарт. Мамлекетибиздин бүтүндүгүн күчтүү мыйзамдар менен  бийиктен туруп айбарланып  коргошубуз керек.
Кытайлыктар менен  түрк жарандары  биздин ɵлкɵдɵ  кенен  кесир, ээн эркин жүрүп ишкердик  менен  каалаганындай  алектенип жатышат. Ишкана менен завод курган болуп, ортоктошо коюп иш кылып, менчиктеп ала коюп, айтоор ээлик кылууларын арттырышууда.  (Биздин азаматтар  айтылган мамлекеттерге  барып ээн-эркин  иш кылып кɵрүшсүнчү. Жакын  жуутпай кастарын тигип турушар.  Аны ишкердик  кылып баргандардан  жакшы билгендер жоктур. Бул эми  кɵйгɵйү кɵп ɵзүнчɵ узак сɵз). Бул кɵкɵй кескен маселенин  бери  эле  жагы. Ошол эле  кытай жана  түрк  жарандарынын биздин жерде   кенен  кесир иш кылып жүргɵнү аз келгенсип  кыргыз  кыз-келиндерине ээн-жайкын үйлɵнүп, каалаганындай сайран куруп, биротоло отурукташып алуу ниети менен    мурдун балта кеспей  жүргɵндɵрүнɵ эмне дейбиз. 20 миң чамалуу кытай жээн неберелер бар экени маалым…ѳңгѳсүн айтпайлы.
Кыргыз кыз-келиндери  ар кандай себептер менен кытайларга, түрктɵргɵ, ж.б. чет элдик  жарандарга  турмушка чыгып жатышат. Кыз-келиндерибиз  улутубуздун байлыгы, генофондубуздун түзүүчүлɵрү,  келечегибиздин  угуту , уюткусу экендигин  айтпасак да түшүнүктүү.  Бир нерсе дейин десең тил кыска, толгон  токой эл аралык жол-жоболор саймедиреп турат.  Ичиң туз куйгандай  ачышкан менен не демексиң.  Бизден да кемчиликтер кетип жатат. Кɵрүнгɵн чет элдиктердин кɵзүн каратпай  кыз-келиндерибизге камкордук кɵрүп,  жумуш орундарын түзүп берип, үйү жок  жүргɵндɵргɵ бир,  эки бɵлмɵлүү бардык  шарты бар жатакана түрүндɵгү үйлɵрдү куруп  берип койсок, жумушка орношууларына жардам берсек жакшылыгыбызга  огожо  болмок.  Азыр бул маселеге кɵңүл бурган мекеме же ишкана жокко эсе. Болсо да мигрант кыз- келиндерибиздин тарткан азап- тозогун каттоо, маалымдоо менен гана чектелип калып жатышат.  Бул  багытта   тийиштүү программаларды кабыл алып, эң бир таасирлүү долбоорлорду ыкчамдык менен иштетүүнү мезгилибиз талап кылып турат.  Ал үчүн мекенчил рух,  айбаттуу дымак, айбарланган кѳк жалдык эрк керек. Бармакты кырча тиштегенибиз менен  кѳкѳй кести болуп чечилбей келе жаткан кѳйгѳй кѳп.  Каңырык түтѳткѳн аргасыздыкка айла жок болуп турат.  Арийне, бул мамлекеттик   олуттуу маселелердин, тышкы саясаттын чордонундагы эң талылуу  кѳйгѳй болуп эсептелет эмеспи. 
Ошондуктан,  биз мамлекетибиздин бүтүндүгүн ɵзүбүздүн мыйзамдарыбыз менен бекемдешибиз керек. Чет элдиктердин кыргыздын кыз-келиндери менен каалагандай оюн-зоок куруп, кээде укугун басмырлап, кордук-зордук  кɵрсɵтүп, кааласа четинен тандап чекесине чертип сайрандап, ээлигип кеткенде өтүгүн төргө илип ээн жайкын турмуш кура беришине чукул арада кандайдыр бир чектɵɵлɵрдү киргизип, мыйзамдарды кабыл алуу зарыл деп ойлойм. Ушул багытта кыргыз элинин улуттук ар  намысын, менталитетин, генофондун, келечегин коргогон мыйзамдарды  кабыл  алуу милдети курч турат. Улуттун бүтүндүгүн, кудайдан берилген тубаса касиетин, бийик колоритин, айбарланган рухун, саламаттыгын сактоо, кѳз каранды эместигин, генофондун  коргоо жɵнɵкɵй  маселе эмес.  Ал кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин  бүтүндүгүн, улуттук сыймыгын, бактысын, келечегин аныктап коргоп туруучу эң бир ыйык кудуреттүү бийиктик  болуп эсептелет. Чет элдиктерге  кааласаңар келип үйлɵнɵ  бергиле деп ооз ачып карап тура беришибиз керекпи  эл тааныган кѳрѳсѳн мырзалар,  намыс деп күйгѳн айбатыңыр кайда мандаттуу эр азаматтар. Бул маселе мыйзам чегинде чечилип калса  кыз- келиндерибизге кѳрүлгѳн абдан жакшы камкордук болмок. Калган маселелер ырааты менен  чечилип, жагдай  жакшырмак.  Кыз-келиндерибиз  улутубуздун негизги байлыгы, бардык дɵɵлɵттɵрүнүн кут жылдызы деп айтсак болот. (Анткени, алар эртеңки энелер, эненин таманы турган жер бейиш  экендигин, бардыгы энеден башталып турарын унутпасак). Ошолор менен  ɵнүп-ɵсүп жатпайбызбы, элибиздин саны кɵбɵйүп турбайбы. Эмне үчүн биздин кыз-келиндер аз санда болсо да биздин мамлекетте башка элдин, маселен кытайды айтпаган күндɵ да корейлер менен түрктɵрдүн санын кɵбɵйтүп турушу керек.  Кыздарыбыздын бир тобу куураткан куу турмуштун айынан бакыт, байлык, жыргал турмуш издеп  чет мамлекеттерге кетип жатканы жалганбы?  Андай шартты ѳзүбүздүн  мамлекетте түзүп берсек болбойт беле. Ээй, кыргыздын кыйын чыкма эр азаматтары бул эмне намыстана турган кɵрүнүш эмеспи. Ойдогудай жашоо шарты болбосо, турмушу болбосо аялзаты кетет дегендей болуп жатат. Колунда бийлиги бар, байлыгы бар, мыйзам чыгаруу укугу бар кыргыздын  эр азаматтары силер ойлонуп бир иш кылбасаңар бул абалды ким оңдойт да,  ким жɵндɵйт?  Анчалык этибарга албай, кенебей жүрɵ берсек  кандай туңгуюкка барып кептелер экенбиз. 
Эл ɵкүлдɵрүбүз глобалдашуу апаатын утурлап, бажы биримдигинин  заманында  мамлекетибиздин  кызыкчылыктарын коргоп, эл аралык мамилелерде  ар  кандай деңгээлдерде теңтайлаша ала турган мыйзамдардын жыйындысын кабыл  алышса   жакшы болмок. Мыкты  камылга зарыл. Мамлекет  бардыгыбыздын жүрɵгүбүздɵ,  жан дүйнɵбүздɵ  турган ыйык үйүбүз.  Анын бүтүндүгү,  бакыбат турушу үчүн  бардыгыбыз күйүп-бышып, ойлонуп, намыстанып, коргонуп, бир бүтүнгɵ айланып турушубуз керек.  Жакшылык менен  жамандыктын ортосу бир эле кадам болот, каш менен кабак арасында дегендей. Сактанып, жети ɵлчɵп бир кесип турган жакшы болот. Бул ойду турмуш ɵзү айттырып жатат. От дегенден ооз күйбɵйт. Сиз да айтыңыз. Айтып турбаса болбойт.  Бетке айткан сɵздүн заары жок.  А балким эми түшɵр, дарысы  ушудур. Кѳкѳй кескен кѳйгѳйдү улам улам кайталап айтып, эстетип  туруунун  да маселени  тездетип  чечүүгѳ тийгизген таасири чоң болот. 
Мамлекетибиздин бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүбүздү, улуттук жүзүбүздү  сактоо мейкиндеринде бирибизге бирибиз тыңсынып,  ɵɵдɵсүнүп, менин  даражам бийик, сен ким элең деп  тирешип  туруу болбогон  текеберчилик, абсурд. Бул жерде, Ата -Журт тагдыры  чечилип турган   кезеңде  керт баштын кызыкчылыгын ойлогон  амбиция шоона  эшпей каларын билгиле.  Бул  маселеде меники, сеники деген  нерсе  болбошу керек. Себеби, түшүнүктүү эле, баарыбыз бир кемеде сүзүп баратабыз. Баарыбыздын бир эле  Ата- Мекенибиз бар. Демек, Айкɵл Манас  айткандай баарыбыздын  дилибизде Ата -Журтка жан курман деген ураан жалындап турушу керек.
Ар бир адам ыйык. Анын укуктарын коргоо  мамлекеттик да, пенделик да  иш. Ал үчүн тынымсыз кармаш жүрүп турат. Ошол  күрɵштɵ кимдин ким экендигине карабастан  адилеттик  үчүн калыс сɵз айтылып турбаса  болбойт. Ага да  ар ким эле даай бербейт. Кɵпчүлүк эч кимге жаман кɵрүнбɵйүн, сен мага тийбе, мен сага тийбейин дегендей ɵңдү кɵрдү жүз тайды  ɵңүт менен  жашайт. Анан  жанын оозуна тиштеп калыс сɵзүн айтып турчу  көк жалдардын,  мекенчил азаматтардын, патриоттордун  тизгинин  кагып, сес кɵрсɵтүп, оозун кемечтеп, колун байлап коюудан таюу тартпаган мыйзамдын  кабыл алынышына эч качан жол бербеш керек.  Эгер эле ошондой арамза оюу билинип демилгелеп чыккандар болсо аларды түз эле эл душманы деп коюуга эмнеге болбосун.
Кыргызстанда иштеп жүргɵн чет элдик жарандарга турак жай жана жер тилкесин,  деги эле мүлк сатып алуусуна кескин тыюу салган мыйзамды тез арада  кабыл алып, андан ары бекемдѳѳ зарыл. Бул  мамлекетибиздин түпкү таламдарын, элибиздин  кызыкчылыгын кɵздɵйт.  Анткен менен  жеке кызыкчылыкты ала чапкан эл ɵкүлдɵрү да бар. Дегиси, бул жакшы жышаан  эмес. Ɵткɵндɵ  бир жолу  чет элдиктерге турак жайларды сатууну  кɵздɵгɵн мыйзам долбоору  демилгеленип элибиздин  үрɵйүн учурганы эстен  чыга элек. Улуу  муундагылардын бир тобу  кезере кезек күтүп,  үй ала албай, же  жер тилке  алып кура  албай жатканы аз келгенсип, жаштарыбыз кыркалакей тартып турак жайга муктаж болуп турган кезде чет элдик жарандарга  мүлк сатуу  демилгесин таптакыр эле тыйып коюуну кыргыз эли,  улуттук кызыкчылыктарыбыз талап кылып  турат.  Ушундай шартта бюджетке акча түшүрмɵк элек деген болуп жерибизди  чет элдиктердин   толуп  кетишине жол ачып    бербейли. Каражатты башка жактан издесе деле  табылат. Ɵзүбүзгɵ  ɵзүбүз душман болбойлу. Элдин каарын келтирбейли.
Жеке  кызыкчылыктарды кɵздɵп, чет элдиктерди тɵргɵ ɵткɵрүүчү  мыйзамдарды кабыл албоону эл талап кылып турат. Кɵкɵй кести  күйдүм чок кылган кɵрүнүштɵр кɵп. Кайсы убакка чейин  сугалактык кылып  ɵз кɵмɵчүбүзгɵ күл тарта беребиз бурадарлар, аттуу баштуу  атка минерлер. Кыргыз элин азапка салып, мамлекетибиздин экономикасын сазга  батырган  дал ушул  ичим таптык, обурун ажыдаардай ачкан желмогуздай жегичтик илдет экендиги  турмушубуздан кашкайып  эле кɵрүнүп турат.  Ɵзүнүн маселесин  жакшы  чечкен, кээде  кɵзүн май басып ɵзүн ɵзгɵчɵ зор сезип алган айрым  бир  депутаттар эл ɵкүлү деген  мандатты башкача ɵңүттɵн түшүнүп жүрүшкɵндɵй.  Депутаттык деген мансап эмес,  ал эл дѳѳлѳтү менен бактысын сактап, зоболосун кѳтѳрүп  туруучу,  мамлекеттин, элдин түпкү таламдары менен  кызыкчалыктарын коргоп берүүчү  мыйзам чыгаруучу, ал үчүн жоопкерчиликтүү инсан.
Мамлекетти ичтен мойсогон жибек курттай жылма жемкордукка каршы күрѳштүн жүрүп жатканына кѳп болду. Анын жыйынтыгын кѳрсѳтѳѳр мезгил бар. Ѳңгѳсүн айтпайлы, кылтакка дѳңкѳйгѳн зор коррупционерлер  да илинип жатат. Баарын эл кѳрүп турат. « Ууру тойгончо жеп ѳлгѳнчѳ карганат» дегендей эле  болуп жатат.  Мындайда « ишенген  кожоң сууга акса, алды алдыңан тал карма» деген макал аргасыздан эске түшѳт экен. Эл ишенип келген аттуу-баштуу чиновниктер белчесинен  коррупцияга батып жатса( жасаган кылмышы үчүн жазаланбай актанып турса), ѳз элине ок аттырган кылмышкер байбачалар чет ѳлкѳдѳ жазаланбай жүрсѳ, акыйкатын айтып чыккандар кысмакталып жатса, бул ѳзү эмне деген караѳзгѳйлүк,  кашкѳйлүк,  жүзүкаралык, карасанатайлык. Айтып айтпай, не  кылт эткендин баары эл оозунда, элдин кѳзү кѳрѳгѳч. Баскан изин жашырган уурулар, күн карамадай кубулган пенделер толуп кетти. Эл кимге карап түздѳнѳрүн билбей калды. Мындай абалдан тезинен жыйынтык  чыгарылбаса жакшы жакка алып барбас, боорлорум.
Мыйзам  баарыга бирдей иштеш керек. Ал күчтүүлѳр моюн толгоп бой бербей турар ринг эмес. Бей- бечара болсо  тоок же токту уурдаса деле,  ѳз укугун коргоп аргасыздан  чабышып калса да капканы катуу чаап чыгарбай калмак.   Ак  жеринен  күйүп,  акыйкат  издеп  сыздап жүргɵндɵр  канча.  Абакта тоңуп жаткандары канча. Мыйзамдын күчү кембагалдарга , чындыгын айткан бей-бечараларга эле чыгып турабы. Анан  ошол жерде ɵктɵмдүк менен  ɵкүмчүлдүктүн күч алып турганын  кɵрɵ  бериңиз. Акыбал ушундай достум, башкасын айтып не кылабыз.
Сɵз соңунда айтарыбыз, Ата Журтубуздун кадырын  кɵтɵрүп, улутубуздун  кызыкчылыгын кɵздɵп, коргоп алуучу эң жоопту мезгилде жашап турабыз.  Мамлекетибиздин  келечеги, түбɵлүктүүлүгү,  урпактарыбыздын бактысы да ушул маселенин мекенчилдик  жана  батылдык менен ийгиликтүү чечилишине  байланыштуу болмокчу.

Булак: "Майдан.kg" газетасы