- Азимбек мырза, кыргыз саясатында шайлоого даярдык башталды. Бирок, айрым эксперттер абал башка жакка бурулаарын кулак- кагыш кылышып, шайлоо болбой калышы мүмкүн экенин айтышууда. Чын эле шайлоо болбой калышы мүмкүнбү?
- Жогорку Кеңешке боло турган шайлоо, өлкөдөгү коронавирустун деңгээлине, абалына жараша жети өлчөнүп бир кесиле турган маселе. Бизге шайлоо керекпи? Же элдин саламаттыгы керекпи? Таразага салынуусу, ар тараптуу изилдениши, анализдениши керек! Эгерде тумоо ырбап, көбөйүп кете тургандай болсо, шайлоону кийинкиге жылдыруу керек. Өткөндө шайлоонун кокус жылдырылышы боюнча бир өзүн өзү өтө акылдуу сезген бир саясатчы: “Конституция бузулбаш керек, шайлоо өз убагында өтүшү керек”- дегендей оюн айтыптыр. Конституцияда белгиленген укуктар, мезгил-мезгили менен өтчү саясый иш чаралар дал ушундай коронавирус шарттарындай ӨА жана ӨК киргизилүү жолу менен эң жогорку деңгээлде убактылуу чектелет, кийинкиге жылдырылат. Эл аралык иш чаралар да жылууда. Чыныгы саясатчы муну туура кабыл алышы керек.
- Бүгүн кыргыздар ынтымакка келбесе, мамлекет жоголуп кетиши мүмкүн деген да кептер айтыла баштады. Бул маалымат чындыкка жакынбы же элди дүрбөтүүчү маалыматпы?
- Кыргыздар ынтымактуу эле жашап жатат. Мен өзүмдүн жеке тагдырымда 1990- жана 2010-жылкы улуттар аралык жаңжалдарда, тергөөчү жана Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары ал окуяларды ичинен жакшы билген адам катары дагы бир жолу айтып коёюн: кыргызды акыркы 30 жылда ушул эки окуя менен болуп жарабыз деген сырткы күчтөрдүн, аларды колдошкон ички күчтөрдүн максаты таш капкан. Ага чейин да сырткы душмандар кытай, калмак, Орус падышачылыгынын генерал-губернаторлору нечен ирет уруу-уруу, түштүк-түндүк кылып бөлүп салууну каалашкан. 2010-жылкы июнь окуясынын уюштуруучулары да, Кыргызстанды өз таасиринен чыгарбаш үчүн, өздөрүндөгүдөй атадан балага мурас катары өтсө да президенттик үй-бүлөлүк башкарууну Кыргызстанда сактап калуу үчүн, ошол президенттик жеке башкарууга, үй-бүлөлүк коррупцияга каршы саясый күрөшкө чыгып, атасынын ордуна “президенттик кеңешменин” сунушу менен президент болгону жаткан Максимди, жөөт достору менен өлкөдөн кууп чыккан кыргыз элин, анын Убактылуу бийлигине каршы ошол июнь коогалаңын ойлоп чыгышкан. Оболу Бакиевди Ошко олтургузуп, Кыргызстанды экиге бөлүүнү, ал ишке ашпаган соң “Ак-Жол” парламенти менен Атамбаевди Өкмөт башчысы кылып колго алууну, ал да ишке ашпаган соң июнь коогалаңына чейин барышты. Июнь окуясы менен да алар максатына жетпеди. Кыргыздар бөлүнүп, жарылбай эле, өз үйүндө өздөрү тартипти орнотуп, Убактылуу Өкмөт сунуштаган Конституцияны кабыл алды, шайлоого барды, каалаган партиясына добуш берди. Бирок, ошол сырткы күчтөр, реваншисттердин же Элдик революцияга, анын Убактылуу бийлигине каршы аракеттенишкен партияларды түзүшүп, шайлоодо жеңишке ээ болушуп парламенттик көпчүлүктү түзүүгө жетишишти. Атамбаев аркылуу өз душмандарын кыргыз саясатынан четтетүү ыкмаларын ишке ашырды. Кыргыздар эгемендүүлүгүн алган алгачкы жылдардагы жаралган улутчул-мекенчил партиялар эмес, жеке патриот инсандар саясатта калбай калышты. Саясатта, бийликте Үзөнгү-Куушту, Хан-Теңирини, Какшаал, Сары-жаздан участокторду Акаевди колдоп беришкендер, Бакиевдин тушунда Каркыраны, Маймакты, Көк-Сайды, Токмоктун тушунан участокторду, Ысык-Көл жээгинен 5 пансионатты өткөрүп беришти. Түштүктө азыр чыгып жаткан чек ара маселесине туура эмес меморандумдарга кол коюшту. Кен-байлыктарды кынтыксыз кылып, Консоттун корутундусу менен бекитип саткандар, мамлекетке, улутка эмес Акаев, Бакиевдердин үй- бүлө, жакындарына кийин Атамбаевдин шопурларына чейин кызмат кылгандар калды. Алардын көпчүлүгү дагы деле азыркы президенттин айланасында. Азыр Кыргызстанда улуттук идея, мекенчилдик программасы бар партия же саясатчылар тобу барбы? Ким айтып келди кен-байлыктагы кыргыз улутунун улушу кайда? Келгиле аныктайлы деп! Бүгүнкү Жээнбековго коюлуп жаткан дооматтар бүт мурдагы президенттерден калган мурас. Ооба, аны сөзсүз оңдоо, жоюу керек. Бирок, бүгүнкү Жээнбековдун келишпес душмандары эмне үчүн Бакиевдерге, Атамбаевге ооз ачкан жок? Биз улутчул-мекенчилдер курултай өткөрүп келгиле, талкуулайлы, айталы дегенде эмне үчүн келишпеди? Же шайлоо алыс беле? Ушул эле куру ураа патриоттор 2010-жылдагы, 2015-жылдагы шайлоолордо сырткы күчтөрдүн жана Бакиевчилердин акчасына элдик революцияны, Убактылуу Өкмөттү жамандап жүрүшүп добуш алышкан. Азыркы алардын жүрүшү дагы деле ошондой. Элди жамынып эл айтып жатат, эл колдоп жатат деп өздөрүн өздөрү шумдуктуудай мактаткан, айттырган куру пиар. Кыргыз бөлүнбөйт, болобуз дегендердин нечени тарыхта кара бет бойдон калышты. Түгөнөт деген сайын түтөгөн кыргыз, бөлүнөт десе күчөгөн кыргыз. Кыргызды бөлүнөт, жок болот дегендер элге жамынып, дүрбөлөңгө түшүп жаткандар саясатчы болом деген арсыздардын же түбүндө кыргыз эместердин, болбой баратса киргиздердин эле атайын чыгарып жатышканы. Андайлар менен бийлик, атайын кызмат иштеш керек. Мен да ошондой чакырыгы бар бир адамдын берген маегин окудум. Журналисттер да элдин биримдигине, ынтымагына доо келтирчү сөздөргө этият болуусу керек. Саясат саясаты менен, шайлоо шайлоосу менен бирок бардык саясат, шайлоо Кыргызстандын бүтүндүгү, анын келечеги, элинин ынтымагы үчүн боло турганын эч ким эсинен чыгарбоо керек. Качкын президенттерди алардын жакындарын түшүнсө болот. Алар кандай гана жол менен болбосун актанышы керек. Шайлоо аларга шанс өз адамын, партиясын алып келип анан өз иштерин бүтүргүсү келет, бирок ошолордун акчасына аларды мактап, “сагынып” кеткендерди түшүнбөйм?! Ошончо эле Бакиевдерди “1сүйсөң”, колдосон эмнеге аны 2010-жылы коргободун? Эмне үчүн “Ак-Жолунан” кеттин? Башка партия түздүң? Эмне үчүн эркекче Б.Калыевче жанында жүрбөдүң? Эмне үчүн айрым акаевчилерге окшоп же айрым журналист, ырчыларга окшоп ачык барып кабар албадын? Элдин эсинде айрым акылдуу саясатчылардын Жанышка эле кошомат кылып сыйынып жүрүшкөнү? Бүгүнкү туура эмес нерселерди ошол эл эки жолу көтөрүлүшкө чыккан президенттер жасап кетпеди беле? Бүгүнкү “Жээнбековдордун келишпес оппозициясымын” дегендер өз салымыңарды ойлобойсуңарбы? Элдин күчү ал президенттерге жетти, бирок алар курган коррупциялык системага, ал системанын коронавирус шайлоо системасында экенин билип туруп, бири да партияларга байланган шайлоо системасын бузалы деп айтпай жатышпайбы? Анткени, түздөн- түз элдин элегинен өтүүдөн көпчүлүгү, дээрлик 99 пайыз саясатчылар коркушат. Эл билет да алардын Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин замандарында эмне иш кылышканын!
- Чоң Казатчылардын демилгесинен кийин 2010-жылы байыгандардын да тизмеси түзүлүп, мүлкү иликтениши керек деген маселени көтөргөндөр пайда болду. Анын запкысы Убактылуу Өкмөттөгүлөргө да тийип калбайбы?
- “Убактылуу Өкмөттү бир жеринен илебиз”- деген ураан менен ошондо чыгышты эле. Шайлоодо утуп да келишип ,өздөрүнөн спикер, өкмөттү шайлашты 2010-жылдын октябрь айында. Бүткүл бийликти бөлүп алышты. Шайлоодо берген убадаларын аткаруу үчүн Убактылуу өкмөттүн бүткүл ишмердүүлүгүн атайын комиссия түзүшүп текшеришти. Кана илишкени? Эгерде элдик ыңкылап болбосо, Убактылуу Өкмөт болбосо ошолор депутат болот беле? “Ак Жолго” кирүү үчүн Жаныштын же Максимдин ырын мыкты ырдаш керек эмес беле? Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу тынчтык жолу менен өз бийлигин ошол адамдарга өткөрүп берип, 2010-жылдын 25-декабрында өздөрүн-өздөрү таратышканын да танасыңарбы эй кыргыз саясатчылары? Андан кийин Келдибеков Атамбаев, Бабанов, Кулов, Текебаевдердин заманын орнотушкан кимдер эле?
– “Чоң-казатчылар” мокобой баштагыдан да таасирдүү болуш үчүн эмне кылышы керек?
- “Чоң-казатчылар” Кыргызстандын 70 жылдык байлыгын, Акаевдин айланасындагы бир ууч жакындары менчиктештирип алган чоң тарыхый маселени көтөрүшкөн. Бул маселе ошол 1991- жылдан бери эле такай көтөрүлүп аягына чыкпай келе жаткан маселеге кирет. Коронавирус учурунда ушул элдин эсиндеги айыкпаган жараны “чоң-казатчылар” дагы бир жолу элдин эсине салышты. Бирок, анын аягына жетүү боюнча жолду туура эмес тандашты. Кытайда ошол биздей эле 1990-жылдардын башындагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөгү кылмыштарды атайын мамлекеттик комиссия текшерип 6 жылдан кийин жакында соту аяктады. Миңдеген мурдагы чиновниктер өмүр бою түрмөгө камалышты, мүлктөрү конфискацияланды. Мына ушуну укуктук жол дейт. Андай мамлекеттик кылмышка каршы компаниянын башында Кытайдын төрагасы өзү жана бийликтин партиясы болгон Кытай Компартиясы турду. Биздин “чоң-казатчылар” ушул маселенин аягына чыгам деген уюмга айланабыз дешсе, ошол биздеги 1991-1998- жылдарга чейинки болгон Акаевдик менчиктештирүү саясатын толук көтөрүү керек. Жаман көргөн адамдарынын, же бирөөлөр айткан гана адамдар менен чектелбөө керек. Мисалы, азыр да Бишкектин ортосунда эле ондогон чоң объектилер, жүздөгөн бала- бакчалар бар. Бул бир республиканын менчиги толук таланган, уурдалган саясый чыккынчылык “реформанын” аягына жалгыз “чоң-казатчылар” жете алышпайт. Анткени, алардын тажрыйбасы да жетишпейт. Албетте, бир максатта бириккен адамдарды бөлүп- жаруу кыйын, кайсы бир кызыкчылыктар үчүн бириккен саясатчылар ажырашат, кайра биригишет. Бирок, баарын мезгил, тарых өзү таразалайт. Карантин учурунда өлкөбүздөгү элдин көкүрөгүндөгү көп маселелер айтылды, дагы айтылат, ошол айткан адамдардын баары эле чоң саясатчы боло албайт. Чыныгы саясатчы өмүрүн, тагдырын элинин, мамлекетинин турмушун жакшы жагына өзгөртөм деп түпкүлүктүү, максаттуу, системалык программа менен саясатка аттанат. Бизде болсо карантин учурунда ким бийликти , президентти, премьерди баш кылып катыра соксо же кайсы бир эски саясатчыны боктосо, же бирөөнү байлыгын, ойношторуна чейин чукуса, «элдик баатырга» айлангансып жатпайбы? Бул биздин улуттук саясый, укуктук маданиятыбыздын деңгээлинен кабар берет. “Эшегине жараша тушагы!”- деген ушул. Баары коронавирустун кетиши менен өз абалына келет.
Булак: "Майдан.kg" газетасы