Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалыматты өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы тастыктады.

Бүгүн, 19-июнга карата Кыргызстанда дагы 132 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен он эки адам Ош облусунда катталды.

Ош облусунда илдет аныкталган жарандар:

- Араван районунда — 2 адам. Бирөө (аким) коронавирус жуктурган адам менен байланышта болгон, бирөө Россиядан келип, обсервацияда жаткан;

- Кара-Суу районунда — 3 бейтап. Үчөө тең буга чейин илдет жуктурган адам менен байланышта болгон;

- Кара-Кулжа районунда — 2 адам. Буга чейин коронавирус жуктургандардын жакындары;

- Ноокат районунда — 5 бейтап. Төртөө Россиядан келген жаран менен байланышта болгон. Бирөө медицина кызматкери.

Ал эми Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев 13-июнь күнү чыйрыгып, ооруп баштаган. Кечээ, 18-июнда анализинен оору аныкталды. Учурда дарыланып жатат. Араван райондук мамлекеттик администрациясынын бардык кызматкерлеринен ПЧР-анализ алынып, баарынын жыйынтыгы таза чыккан.

Ош облусунда бүгүнкүгө чейин коронавирус жуктургандардын саны 286 адамга жетти. Алардын ичинен 148 адам сырттан келген.

Булак: turmush.kg