
Дүйнө окумуштуулары ушул убакка чейин Covid-19 вирусу жасалмабы деген талашта келатышат. Айрым илим өкүлдөрүнүн пикиринде Уханга мыкаачы генийлер тарабынан адамдарды жок кылуу үчүн чыгарылган аскердик вирус алып барылган. Илдет кытай шаарынын көчөлөрүндө кайдан пайда болуп калганын эч ким так айта албайт. Ухандагы лабораториялардан биоматериал сыртка чыгып кеткенби, же өлүм коштогон илдет Кытайга атайын жеткирилгенби?
Коронавирус көзгө көрүнбөгөн, адамдын жашоого эң керектүү органдарын жабыркатчу вирустун алдында эл канчалык деңгээлде алсыз экенин билдирди. Биздин планетадагы жашоо агымын жана дүйнөнү дайыма өзгөртүүчү Пандора жащиги ачылды. Бул аспекттен алып караганда мурдагы советтик өлкөлөрдүн аймагындагы америкалык биолабораториялар эмне менен алектенээрине кеңири токтолууга туура келет. Акыркы жылдары америкалык өкмөттүн мындай жашыруун объектери Украинада, Грузияда, Молдовада жана Казакстанда түптөлгөн. Кудайга шүгүр, Кыргызстанда ачылбады, он жыл мурда биздин активисттер жана коомчулук Бишкектеги ботаникалык бактын аймагына биолаборатория ачылаарын угуп катуу ызы-чуу кылышты эле. Калктын массалык каршылыгы гана биздин өкмөттү америкалык долбоорду ишке ашыруудан баш тартууга аргасыз кылган.
“Ошондо лабораторияны ачтырбай коюп чоң иш жасаптырбыз. Бийликке басым жасап жатып гана программаны артка кайтарууга жетишкенбиз. Ага карабай бул маселе дагы деле мурдагыдай актуалдуу. АКШ өз лабораторияларын Грузия, Молдова жана Украинага ачууга үлгүрдү. Ушундай объекттин дагы бири Кыргызстандан анча алыс эмес жерде, Казакстандын Алматы шаарында иштеп жатат. Алар эмне менен алектенишет? Алардын ишмердүүлүгү тууралуу бардык маалыматтар жабык жана жашыруун”, - деп Кыргызстандын саясат талдоочулары айтышууда.
Америкалык биолабораториялар тармагы дүйнө жүзүнө тараган, бирок коронавирус эпидемиясы күч алып турганда алар эч аракет кылышкан жок. Болбосо алар ушунчалык өнүккөн, океандын ары жагындагы эксперттер экен, өнөктөштөрүнө коронавирусту таркатпай жок кылууга жардам беришпейт беле. Же алар өлүмгө жеткирчү илдет менен күрөшпөйбү, анда алардын ишинин спецификасы эмнеде?
Жашыруун америкалык лабораторияларда кандай эксперименттер жүргүлөт – бул көптөгөн эксперттерди тынчсыздандырууда. Ким өлүм коркунучундагы фокустар дагы бир мындан да бир топ олуттуу пандемияга алып келбейт деп кепилдик бере алат? Мындай жабык лабораториялар жайгашкан өлкөлөрдүн өкмөттөрү ачыгында алсыз жана укуксуз, аларда жада калса инспекция жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Кыязы, ал өлкөлөрдө киши өлтүрүү бактериялар иштелип чыгып жатат, а биз эч нерседен кабарыбыз жок. Бул вирустар биздин шаарлардын көчөлөрүнө келип калса кайгы канчалык даражада болоору белгисиз.
“Өзүңөр ойлоп көргүлө, эмнеге жашыруун биологиялык эксперименттер башка өлкөлөрдүн аймагында жасалып жтат? Эмнеге АКШ мындай ишмердүүлүгүн өз континентинде жүргүзбөйт да, мурдагы СССРдин аймагына көчүрүп койду? Жада калса маалыматтык коопсуздук жагынан алганда деле америкалыктар логикага туура эмес кадам таштап жатышат. Булардын баары бизди бул объектердин ишмердүүлүгүнө кызыктырып, олуттуу ойлонууга түртөт. Эгер алардан коркунуч жаралса, анда эмнеге бизге керек? Эмнеге башка өлкөлөр, ошол эле Россия бул коркунучтуу объектерди Кубага, Мексикага же Панамага жайгаштырбайт? Америкалык биолабораториялардын иштөөсүнө уруксат берген өлкөлөр бир гана өздөрүнүн эмес, коңшу мамлекеттердин да коопсуздугун жарга кептеп жатпайбы. Анын үстүнө америкалык саясатчылар башка өлкөлөргө карата аеосуз, кайдыгер мамилени кармаары эч кимге сыр эмес да”, - деп белгилешет атамекендик саясат талдоочулар.
Кыргызстандын эксперттери жана коомдук ишмерлери коңшу Казакстандагы америкалык биолабораториядан чыкчу биологиялык коопсуздук маселесин талкуулоо үчүн тегерек стол уюштурууну көздөөдө. Саясат талдоочулар өлүм менен ойноо жакшылыкка алып барбай турганына, болгондо да оюн биздин жаныбызда, бирок биздин катышуубузсуз болуп жатканына көңүл бурдурууну каалашат.