Жогорку Кеңеште фейк маалыматтар боюнча мыйзам долбоору коомдук угууга коюлду. Мыйзам долбоорунун авторлорунун маалыматына караганда, анда интернеттеги жалган маалыматты сотко чейин чектөө тартиби бар.

Талкуу учурунда өзүн Кудай сезгендердин да тизгинин тартуу сунушталды. Анда айтылгандай, Кылмыш кодексинде өзүн Кудай деп жарыялоо боюнча пункт жок. Бирок адамдарга “мен Кудаймын” деп айтып, диний объектилерди шылдыңга алуусуна жол бербөө керек.

“Улуу Британияда өзүн Кудай деп жарыялагандарга жөн гана айып пул салышпайт, кесип да жиберишет. Диний түшүнүктөрдү чалкештиргендерди токтотуу зарыл. Болбосо чоң чатакка, терс таасирлерге алып келет”, - деди катышуучулардын бири.

Эске салсак, Арстан Алай өзүн жердеги Кудай деп жарыялаган.