Депутат Гүлшат Асылбаева парламенттик угууда жалган маалыматтарды ооздуктоо боюнча мыйзам долбоорун эмне себептен сунуштап жатканын түшүндүрдү.
“Уюлдук байланыш операторлору сим-карталар паспорт менен гана сатылаарын жарыялашканда, буга эч ким нааразы болгон жок. Анткени ар-намыс, кадыр-баркты коргоо укугу ар бир адамга таандык экенин түшүнүштү. Анда эмнеге мен ар-намыс, абийиримди коргоого укуктуу эмесмин, фейктер тараткан жалган маалыматтарды окушум керек? Мен мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарганымда өзүм тууралуу эмнелерди гана укпадым. Соцтармактардагы ошондой жалган маалыматтар кайненемди инсультка чейин жеткирди. Жазышса жазышсын бирок өзүнүн чыныгы аты, сүрөтү менен жазышсын. Жалган атка жамынып алып ким бирөөгө жугунду куюуга көнүштү”, - деди депутат.